Бишкектин “Ата-Түрк” паркында уюлдук телефон тоноого шектелип төрт жигит кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 23-ноябрда 19 жаштагы А.И. аттуу жигит арыз менен кайрылып, белгисиз жарандар аны тапанча менен коркутуп, баасы 14 миң сом турган Redmi Note 9 үлгүсүндөгү телефонун тартып алып, белгисиз тарапка качып кетишкенин билдирген.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 201-берененин (“Тоноо”) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 17 жаштагы Г.У., Р.Б., А.Д. жана 20 жаштагы А.А. аттуу жарандар кармалды.
Шектүүлөр учурда Октябрь райондук милициясынын тергөө кызматына жеткирилген.