Бишкекте жол кырсыгы катталып болуп, анын кесепетинен бир адам жаракат алды. Бул тууралуу Патрулдук милиция кызматынын бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн саат 10.30да Кулиев жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
««Хонда-Фит» жана «Хонда-Степ» үлгүсүндөгү эки унаа сүзүштү. Бир адам жаракат алган. Окуянын чоо-жайы иликтенип жатат», — деп берилет маалыматта.