7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жолдорду оңдоо үчүн кайсы көчөлөр жабылды?

518

Бишкек шаарында айрым борбордук көчөлөр капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу жабылды. Бул тууралуу мэрия билдирет.

Байтик баатыр көчөсү Токомбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин жана Ахунбаев көчөсү Чыңгыз Айтматов проспектисинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин бир нече этап менен оңдолот.

Учурда Ахунбаев көчөсүнүн Чыңгыз Айтматов проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейинки тилкесинде, ошондой Байтик баатыр көчөсүнүн Токомбаев көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки тилкесинде капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, оңдоо иштерине байланыштуу жолдордун төмөнкү тилкелери жарым-жартылай тосулган:

— Манас айылы көчөсү Ч.Айтматов проспектисинен Кырман көчөсүнө чейин;
— Коңорчок көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн дарыяга чейин;
— Матросов көчөсү Кулатов көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин;
— Көкчө тоо чолок көчөсү Щербаков көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
— Нарвская көчөсү Профсоюз көчөсүнөн Бородин көчөсүнө чейин;
— Февраль көчөсү 8-Март көчөсүнөн Коллектив көчөсүнө чейин;
— Керамическая көчөсү Аул көчөсүнөн мечитке чейин;
— 9-кичи району, түндүк тарабы 3б, 5б Саманчин көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейин;
— Исаков көчөсү Ташкент көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин;
— Эркиндик бульвары Жибек-Жолу проспектисинен Абдымомунов көчөсүнө чейин;
— Ахунбаев көчөсү Шабдан баатыр көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин.

Бишкек шаарынын мэриясы жарандарга жол тыгынын болтурбоо үчүн каттамдарды алдын ала пландаштырууну, ошондой эле жеке транспорттун ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.

 

519