7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жолдорду оңдоо иштери уланууда (ТИЗМЕ)

850

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы шаардын жолдорун оңдоо жана жакшыртуу иштерин улантууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

  • Жибек-Жолу проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилишинде, Ч.Айтматов проспектисин бойлото тротуар төшөө үчүн негиз даярдалууда.
  • Кулатов көчөсүнүн Байтик Баатырдан Ибраимовго чейинки бөлүгүндө, андан ары Кулатов көчөсүнөн Элебаев көчөсүн бойлото жаракалар толтурулуп жатат.
  • Алтын-Ордо конушунда тротуар төшөө үчүн фундамент даярдалып, бордюрлар орнотулууда.
  • Арча-Бешик конушунун Жазира жана Кызыл Адыр көчөлөрүнүн боюнда жолго шагыл төгүү иштери жүрүп жатат.
  • Арзамас жана Корей көчөлөрүндө люктар жөнгө салынып, жолдун өтүүчү бөлүгү оңдолууда.
  • Фучик көчөсүндө бордюрлар тазаланып, сырдалууда. Байтик Баатыр менен Донецкий көчөлөрүнүн кесилишинде жана Гражданская көчөсүнүн боюнда люктар көтөрүлүп, Мыскал көчөсүндө арык орнотууга даярдык көрүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

851