7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги мектептерде сабактар үч күн 30 мүнөттөн өтүлөт

536

Мэриянын Билим берүү департаменти Бишкек шаарынын башчысы Айбек Жунушалиевдин кеңешмесинин жыйынтыгында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кыргызгидрометтин такталган маалыматын эске алуу менен кыска мөөнөттүү сабактарды өткөрүү боюнча буйрук чыгарды.

17, 19, 20-февраль күндөрү биринчи нөөмөт саат 9:00дө башталат, ал эми экинчи нөөмөт саат 16:00дө бүтүшү керек, сабак 30 мүнөткө созулат. Бала бакчалар кадимки режимде иштеп жатат. Эгерде ата-энелер кааласа, балдарын чоңдордун көзөмөлүндө үйдө калтыра алышат.

Менчик билим берүү уюмдарына Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кыргызгидрометтин аба ырайы тууралуу маалыматын эске алуу менен окуу процессин уюштуруу сунушталат.

537