“Бишкектеги өнүктүрүүчүлөрдүн биргелешкен жогорку штабынын” төрагасы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө караганда, «А.М.М.» аттуу жаран жабырлануучуларга турак жайларды куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча жасалма документтерди бергендиги аныкталган.
Шектүү Кыргызстандын “Т.А.” жана Т.М.Т. аттуу жарандарынын ишенимдерине кирип, өзүн Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкеримин деп тааныштырып, борбор калаадан жер тилкелерин бөлүп берүүнү убада кылып, ири суммадагы акча каражатын алган.
Аталган окуя Кылмыштардын бирдиктүү реестерине катталган кылмыш ишинин алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту («Алдамчылык») жана 379-беренесинин 3-бөлүгү («Документтерди жасалмалоо») менен катталып, шектүү кармалды.
Тергөө-ыкчам иштерин жүргүзүү учурунда шектүүдөн соттун санкциясы боюнча анын жогоруда аталган фактыларга катыштыгы бар экендигин тастыктаган далилдер табылган. Ошол эле учурда кылмыш ишине тиешеси бар документтерди өрттөп жок кылууга аракет кылган.
Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка фактыларга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.