7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги ооруканада бейтап антибактериялык препарат сайылгандан кийин каза болду

692

Бишкек шаарындагы №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунда 55 жаштагы аял экстенбензатин антибактериялык препараты сайылгандан кийин көз жумган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ийне сайылгандан кийин бейтаптын башы айланып, аба жетпей, эсин жоготуп, эриндери көгөрүп кеткен. Ыкчам медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай аял каза болуп калган.

«Жүрөк оорусунан жабыркаган бейтап жашаган жери боюнча аталган борбордо кардиореавматологдун каттоосунда турган. Антибактериялык препарат дарыгери тарабынан дайындалган, антибиотикти буга чейин да алып жүргөн. Алдын ала жүргүзүлгөн анализ аталган препарат Кыргызстандын аймагында каттоого алынганын, сапаты текшерилгенин көрсөттү. Ушу тапта дарыга болгон терс реакциянын себептери такталууда», — деп айтылат маалыматта.

693