7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги «Шашлычная №1» кафеси буздурулат

702

Борбор калаада «Шашлычная №1» кафеси демонтаждалууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Ижара келишиминин токтотулушуна байланыштуу борбор калаада Тыналиев көчөсүнүн №2/1 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 16 000 чарчы метрди түзгөн «Шашлычная №1» кафеси буздурулууда. Жеринде мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев, Жер пайдаланууну контролдоо боюнча  башкармалыгынын жана “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери иш алып барууда. Мекеменин администрациясы менен сүйлөшүүлөрдөн кийин менчик ээлери объектти өз ыктыяры менен демонтаждоо милдетин алышты»,- деп берилет билдирүүдө.

Белгилей кетсек, жер тилкелерин  ижарага укук берүү боюнча комиссиянын чечими менен «Шашлычная №1» кафесинин ээлерине ижара келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тартылган. Аталган объектти курууда көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталып, райондун тургундарынын мекеменин ишмердүүлүгүнө карата даттануулары, чыр-чатактуу кырдаалдар орун алган.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгына объектти демонтаждоо маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

703