7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги СИЗО-1деги жарандар оозун тигишти

599

Бишкектеги СИЗО-1деги жарандар оозун тигишти. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти. Маалыматка ылайык, алар аталган жайга жетекчи болуп келген Марс Жусупбековдун кызматка келишине нааразы. Алдын ала маалымат боюнча 3 шектүү оозун тиккен. Бул маалымат боюнча Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы маалымат бере элек жана байланышууга мүмкүн болбой жатат.

Эске салсак, Марс Жусупбеков кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана кызматтык укук-милдеттеринен аша чапкан деп айыпталып, Октябрь райондук соту 4 жылга эркинен ажыраткан. Андан соң Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Марс Жусупбеков бул өкүмгө макул болбой Жогорку Сотко кайрылган.

Жогорку Сот бардык чыккан чечимдерди жокко чыгарып кайра жаңы тергөөгө жөнөткөн. 2020-жылы Октябрь райондук соту жаңы ишти карап чыгып Жусупбековду актаган. Андан соң шаардык жана Жогорку Сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Тактап айтканда, Жусупбеков толук акталып чыккан.

Жакынкы арада ал кайра СИЗО-1деги кызматына дайындалган

600