Президент Садыр Жапаров 10-июлда, Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов проспектисинин Абсамат Масалиев проспектисинен Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгүн реконструкциялоо иштеринин аякташы менен таанышты.
Жаңыланган бөлүктүн жалпы узундугу 3 чакырымды түзөт. Мамлекет башчысына реконструкциянын натыйжасында жол ар биринин туурасы 4 метрден болгон алты тилкеге чейин кеңейтилгендиги маалымдалды. Бул борбор калаанын негизги магистралдарынын биринин ушул тилкедеги өткөрүү жөндөмдүүлүгүн бир топ жогорулатты.
Муну менен катар жөө жана вело жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жана коопсуз чөйрөнү түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Көчөнүн эки тарабында тең кең тротуарлар жана веложолдор курулуп, бул экологиялык таза транспорттун өнүгүшүнө жана шаардыктардын активдүү жашоо мүнөзүн колдоого өбөлгө түзөт.
Проспектти көрктөндүрүү шаардык чөйрөнү жакшыртууга комплекстүү мамиле кылуунун логикалык уландысы болуп калды. Ондогон бак-дарактар жана декоративдик өсүмдүктөр отургузулуп, автоматтык сугаруу системасы менен жабдылган. Жолдун жүрүүчү бөлүгүнө, тротуарларга жана велосипед менен жүрүүчү жолдорго текши жарык берген, заманбап архитектуралык жарыктандыруу орнотулган. Бул өзгөчө караңгы убакта маанилүү.
Садыр Жапаров шаардыктардын коопсуздугуна, ыңгайлуулугуна жана жашоо сапатынын жогору болушуна багытталган заман талабындагы инфраструктураны өнүктүрүү боюнча тутумдуу иштин маанилүүлүгүн баса белгиледи.