7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектин айрым райондорунда 28-июндан 9-июлга чейин газ берилбейт

724

28-июндан 9-июлга чейин Бишкек шаарынын айрым райондорунда газ берүү убактылуу токтойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жаратылыш газы Садырбаев, Л.Толстой,  Ала-Арча, Минжилкиев, Тыналиев, Масалиев көчөлөрүндө жана  «Джал-23», «Ротор» котелдеринде өчүрүлөт. Себеби, бул аралыкта 1976-жылда коюлган түтүктөрдү алмаштыруу, мезгилдик оңдоп түзөө, кароо иштери аткарылат.
Мындан улам «Бишкектеплоэнерго» муниципалдык ишканасы, төмөндөгү аймактарда ыссык суу берүүнү да убактылуу токтотмокчу.
— «Джал» кичи району ;
— Улуттук бала жана энени коргоо борбору ;
—  №5 мончо жана кир жуучу комплекс;
— № 20 кесиптик лицей ;
— №94 кесиптик лицей ;
— №91 кесиптик лицей.
Бишкек шаарынын мэриясы түзүлгөн кырдаалды  шаар тургундары түшүнүү менен кабыл алуусун өтүнөт!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

725