7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектин айрым райондорунда беш күн бою газ берүү токтотулат

708

1-ноябрдан 5-ноябрга чейин Бишкектин айрым райондорунда газ өчүрүлөт.  Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынан билдиришти.

Алардын айтымында, Жаманбаев көчөсүндөгү орто басымдагы газ түтүгү жаңы колдонуучуларды кошуу үчүн өчүрүлөт.

“Нижний Жал” кичи районундагы Чыңгыз Айтматов проспектиси, Пожарский көчөсү, Садырбаев көчөсү, Гагарин, Медеров, Абай, Ахунбаев, Ташкумырская, Ажыбек Баатыр көчөлөрү менен чектешкен аймакта газ өчүрүлөт.

Компания жаратылыш газын берүүнү токтотуу коопсуздук эрежелерин сактоо үчүн зарыл экенин баса белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

709