Орусиялык белгилүү блогер Хусейин Гасанов Эген Апсаматов аттуу кыргызстандык таксистке КИА үлгүсүндөгү жаңы унаа белек кылды. Эген Апсаматов блогерди акысыз жеткирген алгачкы таксист болгон.
Видеодо байкалгандай, Гасанов бир нече таксини токтотуп, бир жака шашып жатканын, бирок жанында акчасы жок экенин айтып, жеткирип коюуусун өтүнгөн. Бирок көбүнчөсү баш тартышкан. Эң алгач Эген Апсаматов макул болуп, жолдо катар таанышып барышкан. Эген Апсаматов Кыргызстанда апасы жалгыз, аялы бир уул, бир кызы менен жардамга муктаж экендиктерин айткан. Ошондой эле ал Москвага кызынын операциясына акча чогултуу үчүн келгенин айтат.
Алар КИАнын кеңсесине барышкан. Блогерлер дароо унаа сатып алышып, кыргызстандык таксистти алып кирип каттап берип, ачкычты тапшырышкан. Эмоциясын жашыра албаган мекендешибиздин ыйлаганын көрүүгө болот.
Ал такси кызматын аткарып жүргөн унаасына күнүнө 1600 рубль аренда төлөп келген.
Учурда Хусейиндин бул кайрымдуулугу интернет желесинде кызуу талкуу жаратып, ал тургай белгилүү шоу-бизнес өкүлдөрү колдоо постун жазышууда. Алсак, Анжелика Кайратовна: “Эген байке, унааңыз менен Кыргызстанга келиңиз! “Гусейиндин белеги” деп такси кызмат кылсаңыз, көп каражат табасыз. Сизге кезек менен отуруп калабыз. Унааңызды такыр сатпаңыз! Эстеликке калсын! Иштеңиз, БАЙЫҢЫЗ! Гусейиндин белегин МИЛЛИОНДОГОН адамдар ала албай — Сизге Аллах буйруптур!”, — деп жазса, алып баруучу Нурзат Токтосунова Кандай сонун жаңылык!”, — деп жазган.
Ошондой эле Москвада жүргөн ырчы Гүлжигит Калыков, Улук Сапаров, Бакыт Байсариев Эген Апсаматовго жолугушуп, жардам берүү үчүн атайын эсеп ачылды. Апсаматов Хусейин Гасановго ыраазычылык билдирип, унааны сатпай турганын билдирди.