Машыктыруучу Тохир Марасуловго “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу” спорттук наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, наамды аталган агенттиктин директору Канат Шабданбаев тапшырды. Жогорку даражадагы спортчуларды даярдагандыгы, спортчуларды тарбиялоо ишиндеги баа жеткис эмгеги жана спортту өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн кикбоксинг боюнча машыктыруучу Марасуловго бул наам берилди.
Белгилей кетсек, спорттук наамды ыйгаруу жөнүндө чечим Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин коллегиясынын “2021-2024-жылдарга карата бирдиктүү спорттук классификациясынын” талаптарына ылайык кабыл алынды.