7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бокс боюнча эл аралык мелдеш: Мунарбек Сейитбек уулу алтын утту

713

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу Испаниядагы Boxam эл аралык мелдешинде алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.

Мунарбек Сейитбек уулу 60 кг чейинки салмакта жалпы төрт беттеш өткөрдү. Алгач 1/8 финалдык беттеште швейцариянын спортчусун утса, чейрек финалда индиялык, жарым финалда шотландиялык спортчуну жеңген.

Ал эми алтын медаль үчүн беттеште Мали өлкөсүнөн келген мушкерди утуп чемпион болду.

Белгилей кетсек, буга чейин кыргызстандык боксчу Сагын Сатыбалды уулу аталган мелдеште коло байге ээси болгон.

Мелдеш 29-январда Ла-Нусия шаарында башталган, 4-февралда жыйынтыкталат.

 

714