Боом капчыгайында 6-ноябрдан 10-ноябрга чейин таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка караганда, темир жолдун 3898-3899-чакырымында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Мындан улам жолдор саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот.
“Кыргыз темир жолу” ишканасы жарандарга автоунаа менен барчу жолду алдын ала мерчемдөөнү сунуштайт.