7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жолугушуусунда бир катар документтерге кол коюлду

423

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-августта, Астана шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Алтынчы Консультативдик жолугушуусуна катышты.

Иш-чара Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы алдында өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери төмөнкү документтерге кол коюп, кабыл алышты:

1. Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Алтынчы Консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча Борбор Азия мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсү.

2. “Борбор Азия-2040” аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү концепциясы.

3. 2025-2027-жылдарга аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жол картасы.

4. “Өзбекстан Республикасынын Президенти Ш.М.Мирзиёевди Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Ардак белгиси менен сыйлоо жөнүндө” Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Алтынчы Консультативдик жолугушуусунун чечими.

 

424