7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн коопсуздук кеңештеринин катчылары жолугушту

252

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) өткөн Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн коопсуздук кеңештеринин катчыларынын экинчи жыйынына катышты.

Марат Иманкулов өз сөзүндө аймактык коопсуздукка таасир этүүчү учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга, анын ичинде терроризмге, экстремизмге, радикалдашууга жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү маселелерге токтолду.

Иш-чарада Борбор Азиядагы экологиялык, суу-энергетикалык жана транспорттук коопсуздук маселелери талкууланды.

Коопсуздук кеңешинин катчысы аймактык демилгелерди өнүктүрүү ишеним, алдын ала божолмолдоо жана узак мөөнөттүү стратегия принциптерине негизделиши керектигин белгиледи.

«Региондун жана биздин ар бир элдин кызыкчылыгына жооп берген биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу үчүн мамлекеттерибиздин консолидацияланган позициясы зарыл», — деп баса белгиледи Марат Иманкулов.

253