7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Борбор калаада 6 километрлик асма жол куруу пландалууда

352

Бүгүн, 21-июнда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарга борбордун социалдык-экономикалык абалы жана муниципалитеттин административдик-аймактык реформанын алкагында аткарган иштери жөнүндө айтып берди.

“Манас проспектисинен бойлой Жибек-Жолу проспектисинен Түштүк магистралына чейинки узундугу 6 км, суткасына 50 миңден 100 миң адамды өткөрө турган асма жолдун курулушу каралууда.Белгилей кетсек, бул долбоор туристтик өзгөчөлүк болуп, шаардын транспорттук инфратүзүмүн өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат. Асма жолдорду куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон швейцариялык компания менен кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлуп, Бишкек шаарында асма жол системасы долбоорун ишке ашыруу планы бекитилди”,-деди калаа башчысы.

Учурда демөөрчүлөр табылып, 300 миң АКШ доллар бөлүнүп, техникалык-экономикалык негиздеме Ропвей (Ropway) долбоордук группа тарабынан даярдалып жатат. Аталган компаниянын тажрыйбасы чоң, көптөгөн мамлекеттерде ушундай долбоорлорду ишке ашырган (Германия, Италия, Индия).

353