7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Борбордук Азия – Корея Республикасы” кызматташтык форуму болуп өттү

359


2020-жылдын 25-ноябрында Корея Республикасынын Сеул шаарында “Борбордук Азия – Корея Реуспубликасы” кызматташуусунун 13-форуму болуп өттү. Форумду Корея Республикасынын Тышкы иштер министрлиги уюштурду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.


Маалыматка ылайык, форумга Борбордук Азиянын беш өлкөсүнүн жана Кореянын өкүлдөрү катышты. Алар COVID-19 жана билим берүү, саламаттык сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо тармактарында туруктуу кызматташууну талкуулашты.


Билим берүү министрлиги Форумга видеоконференция форматында катышты. Министрлик форумдун катышуучулары менен COVID-19 пандемиясы учурунда Кыргыз Республикасы дистанциондук режимде билим берүүдөгү уникалдуу тажрыйбасы жана жетишкендиктери менен бөлүштү.


«БИМдин Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетекчиси М. Ж. Үсөналиев “Дистанциондук билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн окутуу” темасында доклад жасады. Докладда Кыргызстан 2020-жылы абитуриенттерди ЖОЖдорго толугу менен онлайн кабыл алууну уюштурганы айтылды. Муну менен Кыргызстан региондогу өлкөлөрдөн өзгөчөлөндү. Ошондой эле, аралыктан билим берүү процессинде жаралган суроолорго Министрликтин ыкчам аракеттерди жасаганы белгиленди. Пандемия учурундагы жаңы окуу шарттарына кабылган окуучулар, ата-энелер жана мугалимдерге квалификациялуу адистер тарабынан 24 саат бою психологиялык жардам көрсөтүлүп жаткандыгы маалымдалды», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

360