Британияда 50 жаштагы аял бетине бырыш түшпөсү үчүн 40 жылдан бери күлбөй жашап келет. Тесс Кристиан бул чечимди 10 жашында кабыл алган.
Сулуулугун сакташ үчүн жылмайып дагы койбогон Кристиан католик мектебинде билим алган. Анын айтымында эжекелери мектепте күлгөн кыздарды жаман көрүшүп, күлбөгүлө деп урушчу. Ал ошондон бери күлбөгөндү адат кылып келет.
Тесс Кристиандын достору чогулуп калганда шаңдуу отурушат, бирок бир гана Тесс маанайы жоктой эмоциясыз ал күндү өткөрөт. Анын айтымында, өзү күлгөндө жаактары чоң болуп, ооруган адамга окшоп калгандай сезилет.
Ал турмушка чыкканда жана төрөгөндө бактылуу болгон, бирок бул анын жүзүнөн байкалган эмес. Ичинен сүйүнүп, сыртынан муздай көрүнгөн Тесс жүзүн жакшы сактоо үчүн чоң күч керектигин билдирип келген. Жылмайгысы келгенде өзүн токтотуп, беттин булчуңдарын кыймылсыз кармап, башкарганды үйрөнгөн.
Тесстин бетинде бир да бырыш жок. Андан баары «ботекс сайдырдыңбы» деп сурашат, бирок бир дагы жолу косметологго барбаганын айтып келет.
Жаш бойдон калуусунун сыры өспүрүм кезинен бери жылмайып, күлбөгөнүн, ошондой эле табигый жүргөнү кымбат баалуу бет майдан да алда канча натыйжалуу экендигин билдирип келет.