7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БШК: 7 президенттикке талапкердин күрөө акчасы кайтарылат

282

7 президенттикке талапкердин күрөө акчасы кайтарылат. Бул тууралуу БШКнын жыйынында айтылды.

Белгилүү болгондой, 1 миллион сом өлчөмүндөгү күрөө акчасы шайлоочулардын 1 пайыз же андан көп добуш алган талапкерлерге кайтарылып берилет. Алар 79,2 пайыз добуш алган Садыр Жапаров, 6,79 пайыз добуш алган Адахан Мадумаров, 2,36 пайыз добуш алган Бабыржан Төлбаев, 1,69 пайыз добуш алган Мыктыбек Арстанбек, 1,46 пайыз добуш алган Абдил Сегизбаев, 1,17 пайыз добуш алган Имамидин Ташов жана 1 пайыз добуш алган Клара Сооронкулова.

Буга чейин талапкерликке каттоодон баш тартылган Кубан Чороев, Кубанычбек Токтосунов жана Кубанчыбек Исабековдун күрөө акчалары кайтарылган. Ал эми Рашид Тагаев шайлоо бюллетендери даярдалгандан кийин жарыштан четтегендиктен анын күрөөсү кайтарылбайт.

Калган 11 талапкер 1 пайыздан кем добуш алганына байланыштуу күрөө акчалары мамлекеттик бюджетке которулат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

283