7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БШК бекитип жаткан тизмеде эл өкүлү болчулар кимдер?

4

Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ, 8-декабрдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды. Ага ылайык, 13 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын таанып, жеңүүчү талапкерлерди бекитти.
Алар: 1-, 3-, 4-, 6-, 7-, 8-, 9-, 12-, 14-, 17-, 18-, 19-, 21-, 23-, 25-шайлоо округдары.

Мандат ээлери:

 №1 Шайлоо округунан:
Чыңгыз Ажибаев;
Исманали Жороев;
Камила Талиева.

№3 Шайлоо округунан:
Равшанбек Рысбаев;
Жаныбек Аматов;
Махабат Мавлянова.

№4 Шайлоо округунан:
Советбек Рустамбек уулу;
Уланбек Жаанбаев;
Нилуфар Алимжанова.

 №6 Шайлоо округунан:
Алтынбек Кудайбердиев;
Бекмурза Эргешов;
Салтанат Аманова.

 №7 Шайлоо округунан:
Алишер Козуев Абибиллаевич;
Илимбек Кубанычбеков;
Гүлай Машрапова.

№8 Шайлоо округунан:
Жанарбек Акаев;
Уланбек Примов;
Шайлоонун алгачкы жыйынтыктарында көп добуш алган делген Жылдызкан Жолдошеванын ордуна Нуржамал Төрөбекованы.

№9 Шайлоо округунан:
Азамжан Джалилов;
Данияр Толонов;
Ал эми добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары боюнча алдыда келаткан Ыргал Кадыралиеванын ордуна болсо Жылдыз Эгембердиеваны депутат катары каттады.

Ошондой эле:

№12 Шайлоо округунан:
Бекмырза Чолпонбай уулу;
Талайбек Масабиров;
Жылдыз Курманалиева.

 №14 Шайлоо округунан:
Болотбек Борбиев;
Кундузбек Сулайманов;
Гүлшаркан Култаева.

№17 Шайлоо округунан:
Нурланбек Азыгалиев;
Улукбек Узакбаев;
Чолпон Эсенаманова.

№18 Шайлоо округунан:
Карим Ханджеза;
Чомоев Бакыт;
Гүлжан Сатиева.

 №19 Шайлоо округунан:
Абдылдабек Эгембердиев;
Медербек Алиев;
ЭдитаТайгараева.

№21 Шайлоо округунан:
Куванычбек Конгантиев;
Жаныбек Абиров;
Жылдыз Садырбаева.

 №23 Шайлоо округунан:
Эльвира Сурабалдиева;
Марлен Маматалиев;
Умбеталы Кадыралиев.

№25 Шайлоо округунан:
Бахридин Шабазов;
Бакыт Тентишев;
Эркеайым Сейтказиевалар депутат болоору белгилүү болду.

Кошумчалай кетсек, 8-декабрда БШК шайланган депутаттарга мурда ээлеген кызматтарын тапшырууга 3 күн убакыт берген.

5