7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандык актерлор Андижанда “Маң” спектаклин тартуулашат

222
Президенттин “Ч.Айтматовдун 100 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды өткөрүү жөнүндөгү” Жарлыгынын алкагында, маданий байланыштарды кеңейтүү жана эки тараптуу кызматташууну чыңдоо максатында маанилүү маданий гастроль иш-чарасы уюштурулууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар министрлиги билдирди.
Эртең, М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык драма театрынын чыгармачыл жамааты Өзбекстандын Андижан областтук музыкалык драма театрынын сахнасында Султан Раевдин калемине таандык “Маң” спектаклин тартуулашат.
Бул чыгарма Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романынын негизиндеги театралдык инверсия болуп саналат.
Гастролдун максаты — Ч.Айтматовдун 100 жылдыгына арналган иш-чараларды эл аралык деңгээлде колдоо, кыргыз драматургиясын жана театр өнөрүн чет өлкөлөрдө таанытуу, ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы маданий көпүрөлөрдү бекемдөө болуп саналат.
Бул гастроль эки өлкөнүн маданий кызматташтыгын чыңдоого жана улуу жазуучу Ч.Айтматовдун мурасын кеңири жайылтууга олуттуу салым кошору күтүлүүдө.

 

223