7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БШК массалык түрдө аялдарды тизмеден чыгарганы үчүн Ош АШКсын жапты

785

БШК Ош аймактык шайлоо комиссиясын, аялдарды массалык түрдө тизмеден чыгарып салгандыгы үчүн таркатып салды. Чечим, 9-сентябрда кабыл алынгандыгы БШКнын сайтында жарыяланды.

«БШК мүчөлөрү эки саясий партиянын – «Биздин Кыргызстан» партиясынын тизмесинен 38 аял талапкерди (2021-жылдын 15-июлундагы чечими) жана «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмесинен 39 талапкерди, анын ичинде 31 аял талапкерди (2021-жылдын 12-августундагы чечими) катталган тизмелерден чыгаруу жѳнүндѳ Ош АШКнын чечимдерин жокко чыгаруу жана мыйзамдарды бузгандыгы үчүн анын курамын таркатуу чечимин бир добуштан кабыл алды»- деп жазылат.
11-июлда Ош шаардык кеңешине шайлоо өтүп, 45 депутат мандатка ээ болгон. Ош аймактык комиссиясынын төрагасы Урмат Аттокуров 15-июлда шайлоонун жыйынтыгы боюнча протоколго кол койгон.

Ушуну менен бир жылдан ашуун убакта Ош аймактык шайлоо комиссиясы үч ирет таратылды.

Эми БШКнын тапшырмасы менен Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамы үч күндүн ичинде кайрадан куралат.
11-июлда Ош шаардык кеңешке шайлоо өтүп, анын жыйынтыгы менен төрт партия шайлоо босогосунан өткөн. Шайлоонун жыйынтыгына ылайык, Ош шаардык кеңештеги 45 мандат төмөндөгүчө бөлүштүрүлгөн: «Ата-Жур-Кыргызстан» — 19, «Биздин Кыргызстан» — 15, «Улуттар Биримдиги» жети жана «Бир Бол» төрт мандат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

786