7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БШК талапкерлерге элден акча чогултуусу боюнча эскертти

308

Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерге, саясий партияларга жана алардын өкүлдөрүнө шайлоо фондун түзүү, каражат чогултуу боюнча билдирүү таратты.

Мекеме БШК расмий аныктабаган мобилдик тиркемелер аркылуу каражат чогултуу жөнүндө жарыялар — саясий партиянын, талапкердин шайлоо фондуна ыктыярдуу акча берүү тартибин бузууга жатарын белгиледи. Жарандардын талапкер же саясий партиянын шайлоо өнөктүгүн каржылоосуна эч кандай чектөө жок экени белгиленип, жол-жобосу түшүндүрүлдү.

Шайлоо мыйзамындагы бир нече беренелерге ылайык, талапкер же саясий партия өзүнүн шайлоо фондунун бир гана атайын эсебин ачууга укуктуу. Шайлоо фонду талапкердин же саясий партиянын өз каражатынан, жарандардын, ишканалардын ыктыярдуу кайрымдуулуктарынан түзүлөт.

309