7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БШК: Талаштуу округдарда Жолдошова менен Кадыралиева мандатсыз калды

8

 БШК Оштогу №8 жана №9 шайлоо округдарында аялдар арасында эң көп добуш алган Жылдызкан Жолдошова менен Ыргал Кадыралиеванын ордуна мандаттарды Нуржамал Төрөбекова менен Жылдыз Эгенбердиевага берди. Бул тууралуу Азаттык маалымат агенттиги жазды.

Буга аталган округдагы айрым шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылышы себеп болду жана бул талаш-талкуу жаратты. Жагдайга Төрөбекованын БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров менен туугандык байланышы бар экени дагы кошул-ташыл болду.

БШК 8-декабрда шайлоонун жыйынтыгын бекитип, мандат алчуларды аныктады.

Анда Оштогу №8 шайлоо округундагы №5249 жана №5514 тилкелеринен жалпысынан 1009 добушу жокко чыгарып, муну менен талапкер Жылдызкан Жолдошованынордуна мандат Нуржамал Төрөбековага тийди. Буга чейин Төрөбекованын БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров менен туугандык жайы бар экени ачыкка чыккан жана бул талкуу жараткан.

«Азаттык» Төрөбекованын өзү менен байланышып, андан комментарий алды. Ал Шайназаров менен тууган болгону менен жакындан карым-катышы жок экенин айтты.

«Негизи (Шайназаров менен — ред) уруубуз бир. Менин чоң энем менен анын чоң атасы тууган болуп кетет. Ал менин чоң энемдин агасынын баласынын баласы. Алар көбүнчө шаарда болушат эле. Биз айылда болуп, андай деле катышыбыз жок. Мен аны айылдаш агам катары билем. Ал мага эч кандай деле жеңилдик берген жок. Өзүмдүн жолум менен гана келе жатам. Ага чейин деле мен эл кыдырып, ар бир үйдүн көйгөйүн көрүп келген адисмин өзү. Бул кандай үй-бүлө, аз камсыз болгонбу, мүмкүнчүлүгү чектелген жаран барбы, жокпу деп өз көзүм менен көрүп келген адисмин»-, дейт Нуржамал Төрөбекова.

9