7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Журналисттин өлүмүнө тиешеси бар болгон”. Опузалап акча талап кылган блогер кармалды

600

Жалал-Абад шаарында опузалап акча каражатын талап кылган блогер кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

УКМК тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап талап кылуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ж.Б.Т. аттуу блогер кармалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын жыйынтыгы менен январь айында интернет тармагында блогер Жалал-Абад шаарындагы коомдук тамактануу жайларынын бирине барып, ал жер санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербегендиги үчүн видеого тарткандыгы аныкталган. Андан кийин материалдык пайда алуу максатында, ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун,  Жалал-Абад шаарындагы коомдук тамактануу жайларын тейлеген кызматкери тууралуу маалымат чогултуп, мурда тартылган видео тасманы өзүнүн «Facebook» социалдык баракчасына жарыялап, талапка жооп бербеген аталган коомдук жайды мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн кызматкери “калкалап” жатат деген таризде шилтеме калтырган.

Андан соң ал интернетке жүктөлгөн материалды  алып өчүрүп салуу үчүн, ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинин кызматкеринен 25 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

6- февралда блогер УКМКнын кызматкерлери тарабынан 25 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

Белгилей кетсек, буга чейин блогердин ушундай эле иш-аракетинин айынан, интернетке терс материал жарыялагандыгы үчүн, “Акипресс” маалымат агенттигинин Баткен облустук өкүлчүлүгүнүн журналисти каза болгон.

Учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

 

601