7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Бутубуздун алдында алтын тепселенип жатты». Кыргыз куткаруучулары Түркиядагы зилзаланы эскеришти

257

2023-жылдын февраль айында түрк туугандарга кол сунуп, зилзаланын очогуна кыргызстандык 180 куткаруучу барган. Арадан бир жыл өттү. Кыргызстандын куткаруучулары Түркиядагы зилзала тууралуу айтып, эскеришти.

Жарым ай ичинде урандылардын астынан 198 адамдын сөөгүн чыгарып, 8 адамдын өмүрүн сактап калышкан.

Эске салсак, жер титиреген аймакта убактылуу баш калкалоо үчүн 127 кыргыз боз үйү тигилген. Ага кошуп Кыргызстан Түркияга мобилдүү госпиталын жайып, дарыгерлер медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Бул жардам дүйнө элине кыргыз куткаруучуларынын дараметин жана күчүн ачык көрсөтө алды.

 

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

258