7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Бул-элдин жеңиши». 5-6-октябрдагы элдик революция тууралуу Жапаров эмне дейт?

847

Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда, 2020-жылдагы октябрь окуяларынын бир жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, революциядан кийинки абалдан чыгуу, элдин социалдык-экономикалык муктаждыктарын ыраатка салып кетүү оңойго турган жок.

Мамлекетибизде тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактап калуу үчүн тез аранын ичинде тийиштүү чараларды көрүүгө туура келди. Чукул арада өлкөдөгү абалды мыйзамдуу жолу менен турукташтырып,  стабилдүүлүктү сактап кала алдык. Элдин талабы боюнча мурдагы бийлик отставкага кетти жана өлкө Конституциясында белгиленген тартипте жаңы Өкмөт түзүлдү.

Бул ХХI кылымдын башындагы Кыргызстанда болгон ири бурулуш окуялардын бири экенинде шек жок. Бул жеңиш — жалпы Кыргызстандын элинин жеңиши болду.

Элдик бийлик кыска мезгил ичинде өлкөбүздө саясий жана социалдык туруктуулукту калыбына келтирди.

Кыргыз Республикасынын жаңы бийлигин эл аралык коомчулук тааныбайт деген сандырак кептер четке кагылды. Бардык эл аралык милдеттенмелер, буга чейинки эки жана көп тараптуу келишимдер менен макулдашуулар толугу менен аткарылууда.

Урматтуу мекендештер!

Эң башкысы, кыргыз эли дагы бир жолу ар кыл саясий окуяларга, чагымчыл күчтөргө карабай, өз ынтымагын, өлкөнүн стабилдүүлүгүн баарынан жогору коёрун далилдеп берди. Ал эми биздин алдыбызда ары олуттуу жана ары жооптуу милдеттер турду. Элдин талабын аткаруу максатында убадаланган конституциялык реформалар ишке ашырылды. Ал коомчулуктун кеңири катмарынын, ар бир тармак боюнча дасыккан адистердин катышуусундагы көптөгөн талаш-тартыштардын негизинде иштелип чыгып, бүткүл элдик добуш берүү аркылуу кабыл алынды.  Эң негизгиси элдин мүдөөсү ишке ашып, Конституциянын жаңы редакциясы илимпоздор, коомдук ишмерлер жана жалпы элдик талкуунун негизинде иштелип чыгып, 2021-жылы 11-апрелинде жалпы элдик референдумда колдоо тапты. 2021-жылдын 5-майында Конституциянын жаңы редакциясы бекитилди.

Октябрь окуяларынан кийин өлкө саясий, социалдык-экономикалык жактан оор абалга кептелген кез эле. Элдин колдоосу менен мамлекет башына келген адам катары мен чоң жоопкерчиликти мойнума алдым. Муну менен мен элге гана таянып, элге гана ишенип, элге гана кызмат кылууну негизги багытым деп кабыл алдым. Себеби буга чейинки Эгемен Кыргызстанда болуп өткөн революцияларда элдик-демократиялык бийлик гана биздин улут болуп сакталып калышыбызды жана мамлекетибиздин көз карандысыздыгынын чыңдалышын шарттаары баарыбызга чоң сабак болду. Мыйзамдуулук, жоопкерчилик, ачык-айкындуулук жана эң башкысы адилеттүүлүк гана элдин ишенимин кайтарып, өлкөбүздүн ынтымагы менен өнүгүүсүн кепилдей алары айкындалды.

Урматтуу замандаштар!

Биздин Мекен өсүп-өнүгүп, гүлдөгөн мамлекет болууга бардык жагынан мүмкүнчүлүктөрү бар. Ага жараша кыргызстандыктар дагы татыктуу жашоого толук акылуу. Биз элибиздин жашоо-деңгээлин көтөрүүгө, адилеттүү коом курууга багытталган жолубуздан тайбайбыз! Өлкөбүздүн асманы ар дайым ачык, көп улуттуу элибизде ынтымак, сүйүктүү мамлекетибизде гүлдөп-өнүгүү болсун!»

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

848