7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Бул күндү аябай күттүк». Ырчы Кызсайкал кош бойлуу экенин ачыктады

1132

Ырчы Кызсайкал Кабылова менен жолдошу наристе күтүп жатканын ачыкташты. Ырчы айым кубанычтуу жаңылыгы менен соц.тармактагы баракчасында бөлүшүп, бул күндү көптөн бери күтүп келгенин жазды.

«Мындай кубанычтуу жаңылыгыбыз менен бөлүшпөй койгон болбой калат го. Инстаграмдагы досторум экинчи үй бүлө сыяктуу эле болуп, жакын болот экен. Азыркы убакта быйтыктын ичимде тебингени, күндөн-күнгө чоңойгонун сезип бактылуу болуп жаткан убагыбыз. Бул күндү биз да аябай күттүк. Альфия чоноюп калыптыр, ичимди кармап «бопашым менин» деп эркелетип, күтүп жатат. Мирлан улуубу же Мирлан кызыбы азырынча биле элекпиз. Ал күндү да бирге сиздер менен бөлүшөм»,— деп жазды ал.

Ырчы Кызсайкал Кабылова 2022-жылы турмушка чыккан. Анын Альфия аттуу кызы бар.

1133