7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Бул — спорт”. Казакстандын ТИМи Көчмөндөр оюндарындагы окуя боюнча комментарий берди

515

Тышкы иштер министрлиги Астанада өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өткөн көк пар боюнча Казакстан менен Кыргызстандын командаларынын финалында болгон чуу боюнча комментарий берди. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

12-сентябрда Кыргызстан менен Казакстандын курама командаларынын ортосунда көк пар боюнча мелдештин финалы өткөн.

«Бул биздин боордош өлкөбүз. Биздин мамилебиз жакшы. Эгер спорт жаатында кандайдыр бир талаш-тартыштар жаралса, бул — спорт. Эч кандай саясат жок. Биз кылымдар бою кошуна болуп келгенбиз, боло беребиз», — деди Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров.

Журналисттер ошондой эле Смадияровго бул чуу эки өлкөнүн дипломатиялык мамилесине таасир этеби деп сурашты.

«Көрбөдүңөрбү, булар ат үстүндөгү каны кайнап турган кишилер. Эмоция болуп турат. Бул мамилеге эч кандай таасирин тийгизбейт. Бул бир эле оюн, анын жыйынтыгы менен биздин бүт мамилебизди чийип салуу эч кандай жакшылыкка алып келбейт», — деп түшүндүрдү ведомствонун расмий өкүлү.

 

 

516