Көп убакыттан бери иштебей, чарба жүргүзүүчү субъекттердин соода аянтчасы катары пайдаланылган «Ак-Була Араван пахта заводу» ААКсынын 11,14 га жер аянты мамлекеттин балансына кайтарылды.
Баалоо иштеринин жыйынтыгы боюнча жер тилкесинин баасы 3 миллиард 217 миллион сомду түздү.
Маалым болгондой, 1997-жылы Араван районунун айрым кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, пахта заводун чет элдик Р.В.А. аттуу жаранга мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп беришкени аныкталган.