7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерриш Садыр Жапаровду куттуктады

234

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антонио Гутерриш Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Сизге жаңы милдеттериңизди аткарууда ийгиликтерди каалаймын. Кыргыз Республикасы БУУнун далилденген жана ишенимдүү өнөктөшү болуп саналат. Сиздин жетекчилигиңиз менен биздин кызматташтык 2020-жылдын ноябрь айында жарыяланган БУУ менен Кыргыз Республикасынын Биргелешкен Билдирүүсүнө ылайык мындан ары да бекемделе берет деген ишеничтемин. Учурда, татаал глобалдык көйгөйлөр болуп турган кезде, БУУнун Уставында белгиленген баалуулуктарды жана идеалдарды мындан ары жайылтууда, ошондой эле COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө Сиздин колдооңузга ишенемин.

Буга байланыштуу, Сиздин бүтүндөй калктын, алардын ичинде аялдардын, жаштардын жана бардык улуттардын өкүлдөрүнүн муктаждыктарына жооп берген жана үмүттөрүн актаган саясий, экономикалык жана социалдык реформаларды жасоого болгон умтулууңузду кубаттаймын.

БУУ тарабынан, анын ичинде Борбордук Азия үчүн превентивдик дипломатиянын регионалдык борбору аркылуу Сизге колдоо көрсөтүлөрүнө ишендирүүгө уруксат этиңиз», — деп белгиленет БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерриштин куттуктоосунда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

235