7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бычак менен коркутуп, уюлдук телефонун тартып алгандар кармалды

209

Бычак менен коркутуп, уюлдук телефонун тартып алгандар кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 22-январда болжол менен саат 22:45 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Ибраимов жана Жумабеков көчөлөрүнүн кесилишинен коркутуу жолу менен чөнтөк телефонумду алып кетишти деген маалымат келип түшкөн.


Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 2002-жылы туулган К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен болжол менен саат 22:30 чамасында белгисиз үч жаран арыз ээсин бычак менен коркутуп, “Самсунг А-7” үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун тартып алып, белгисиз тарапка качып кетишкен.


«Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган С.У, 2003-жылы туулган М.Т. жана 2005-жылы туулган Т.А. аттуу жарандарды кармашып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен. Бул факты боюнча Свердлов райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

210