7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бычылды деген киши ооруканадан чыгарылды

513

Өзгөн районунда бычылды деген 44 жаштагы киши ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу маалыматты журналисттерге Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын директору Атабек Жумалиев тастыктады.

Ал кишиге бардык зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Эске сала кетсек, 13-ноябрда саат 22:00 чамасында Куршаб айылынын 44 жаштагы К.Ш. аттуу тургуну 44 жаштагы Э.Т. деген айылдашын үйүнө чакырган. Ортодо өз ара пикир келишпестик жаралып, үй ээси айылдашына бычак менен жаракат келтирип, электр мамыга жип менен байлап койгон. Эртеси күнү жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилип, ага операция жасалган.

Андан соң шектүүнүн жубайы үн катып, күйөөсү тарабынан зордук-зомбулукка кабылганын жана андан качып, Россияда жүргөнүн айтып берген.

514