7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Быйыл Баткенде 13 ири өндүрүш ишканасы пайдаланууга берилет

290

Жыл соңуна чейин Баткен облусунда 13 ири өндүрүш ишканасы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Пайдаланууга берүү мерчемделген өндүрүш ишканалары төмөнкүлөр:

  • Кадамжай районундагы «Кожо-Кайыр-1» 300 кВт кичи ГЭСи;
  • Кадамжай районунун Жеңиш айылында жайгашкан «Халмион Пром» ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан автогазоблок заводу;
  • Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында курулуп жаткан Кыргыз-Түрк биргелешкен мунайды кайра иштетүүчү заводу;
  • Айдаркен шаарныдагы таш майдалоочу жана бетон аралаштыруучу завод;
  • Лейлек районунун Катраң айылындагы соода-логистикалык борбор;
  • Лейлек районундагы «Сүлүктү талаа-11» көмүр кени;
  • Сүлүктү шаарындагы «Адахан» көмүр кени;
  • Сүлүктү шаарындагы «Мурас» көмүр кени;
  • Баткен районунун Самаркандек айылындагы логистикалык борбор;
  • Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы пластикалык калдыктарды кайра иштетүүчү завод;
  • Баткен районунун Самаркандек айылындагы жашылча-жемиштерди кайра иштетүүчү цех;
  • Кызыл-Кыя шаарындагы шифер комбинатынын курулушу;
  • Баткен шаарынын өнөр-жай зонасында жайгашкан асфальт-бетон заводу.

291