7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Быйылкы ажылык сапарга каттоо 24-январдан башталат

544

Быйылкы ажылык сапарына каттоо 24-январдан тарта башталат. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттоо 14-февралга чейин жүргүзүлөт. «Каттоо убактысы белгиленген аралыкта 2019-2022-жылдардан тарта электрондук кезекте турган ажылык сапарына баруучу талапкерлер 1 миң АКШ долларын «РСК банкынын» иш убактысы бүткөнгө чейин төлөп, квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды муфтияттын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарга жана райондук хатибияттарга тапшыруусу керек», — деп айтылат маалыматта.

Муфтияттан 2019-2022-жылдардан бери кезекте турган талапкерлер төлөө мөөнөтүнүн ичинде 1 миң АКШ долларын төлөй албай калса ажылыктын электрондук тизмесинен чыгарыла тургандыгын эскертишти.

«Ал эми жаңыдан ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди каттоо ID-карт паспортунун негизинде 20-февралдан 6-мартка чейин жүргүзүлөт. Талапкерлер 1000 АКШ долларын жана кайтарымсыз 1000 сом төлөбөй туруп каттала алышпайт», — деп айтылат билдирүүдө.

Талапкерлерди каттоо Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда жүргүзүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

545