7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Былтыр Кумтөрдөн 12,5 миң тонна алтын өндүрүлдү

348

2024-жылы Кумтөр кенинен 12 тонна 552 кг алтын өндүрүлгөн. Ал эми алтынды сатуудан 989,1 млн доллар киреше түшкөн. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын төрагасы Бузурман Субанов билдирди.

«Кыргызалтын» ААКнын акционерлеринин жылдык жалпы жыйында «Кумтөр Голд Компанинин» 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн отчету каралып, кабыл алынды.

«2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын бюджетине болгон салык жана башка милдеттүү төлөмдөрдүн көлөмү план боюнча 177,5 млн доллар болсо, иш жүзүндө 184,8 млн доллар же 16,1 млрд сом которулду. Ал эми план боюнча таза киреше 186,8 млн доллар деп белгилинсе, иш жүзүндө 397,4 млн долларды түздү», – деди Субанов.

349