7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Былтыр жөлөкпул 100дөн 200 пайызга чейин көтөрүлгөн

400

2022-жылы жөлөкпулдар 100%дан 200%га чейин көбөйтүлдү. Баткен облусуна өзгөчө статус берилгенине байланыштуу, чек арада жайгашкан аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына 2400 сомдон берилип жатат.

Аз камсыз болгон үй-бүлөгө көмөк:

2021-жылы 3 млрд 804 млн 325 миң сом
2022-жылы 4 млрд 879 млн 681 миң сом

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга берилүүчү төлөмдөр:

Бала кезинен майыптыгы барларга мурда 4000 сом төлөнсө, 2022-жылдан кийин 8000 миң сомго жогорулаган. Майыптын категориясына жараша төлөмдөр 100%дан 200%га чейин кошулду.

Ата-энесинен ажыраган балдарга берилүүчү төлөмдөр:

2022-жылдан тарта, жарым жетим балдардыкы 1000 сомдон 3000 сомго, томолой жетим балдардыкы 2000 сомдон, 6000 сомго көтөрүлдү.

Жалпы бюджети:
2021-жылы 4 млрд 136 миң 685 миң сом
2022-жылы 7 млрд 910 млн 498 миң сом

Персоналдык ассистент (дайыма бирөөнүн кароосуна муктаж болгон мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын камкорчусу) мурда 4000 сом болсо, 2022-жылдан тарта 6300 сомго жогорулады.

Жалпы бюджети:
2021-жылы 491 млн 589 миң сом
2022-жылы 805 млн 933 миң сом

Интернат жатак үйлөрүндө жашаган майыптыгы бар жана улгайган жарандардын бир күндүк тамак ашына каралуучу төлөмдөргө эки эсе кошулду:

Бул үчүн, 2021-жылы мамлекет бюджетинен 79 млн 558 сом каралса, 2022-жылы 166 млн 938 миң сом бөлүнгөн.

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен, 2022-жылы аз камсыз болгон үй бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу максатында 2800 үй-бүлөгө 100 000 сомдон кайтарымсыз акча каражаты берилген.

Быйыл, 2023-жылга 10 миң үй-бүлөгө 100 000 сомдон берилет. Бул каражат, чакан ишкерчилик менен алектенүүгө, эмгек кылууга шыктандырат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

401