7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Былтыр жерди жана сууну көзөмөлдөөдөн бюджетке 9,6 млн сом түштү

393

Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы 2024-жылдын 12 айында 803 текшерүү жүргүзүп, мыйзамсыз курулган объектерди бузуулардын саны 1 438 түздү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде жерге байланышкан мыйзам бузуулао – 1042, суу жаатындагы мыйзам бузуулар – 396 болгон.

Жазма буйруктар толук аткарылбагандыгы үчүн КР Укук бузуулар кодексинин негизинде жоопкерчиликке тартылган айыпкерлердин саны 623 болуп, айыпкерлерге салынган айып пулдун жалпы суммасы 5 млн 318 миң 500 сомду түздү. Ал эми аталган суммадан 4 млн 369 миң 180 сом өндүрүлүп, мамлекеттик бюджеттин эсебине төлөнүп берилди.

Ошондой эле коюлган доонун жалпы суммасы 9 млн 676 миң 150 сом түзүп, анын 5 млн 252 миң 722 сому мамлекеттин бюджетине өндүрүлдү.

 

394