7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Бюллетенди бүктөп алсаң «сбой» болот!» Шайназаров шайлоодогу мүчүлүштүктөр боюнча

128

Социалдык түйүндөрдө айрым шайлоо участокторунда АСУнун ишинде мүчүлүштүктөр болгон деген чындыкка дал келбеген маалыматтардын таралышына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров брифингде шайлоочуларга кайрылуу жасады.

«Мүчүлүштүк (сбой) — бул система таптакыр иштебей калган учурда колдонулуучу түшүнүк. Бизде мындай көрүнүш болгон жок. Жоопкерчилик менен билдирем: бир да шайлоо участокторунда мүчүлүштүктөр болгон жок», — деп баса белгиледи Т. Шайназаров.

Ал бул бул технология Кыргызстанда биринчи жолу колдонулуп жаткандыгын, дүйнөнүн эч бир өлкөсүндө окшош аналогдор жок экендигин эске салды. Ошондуктан, айрым учурларда жаралган суроолор адамдык факторго байланыштуу болуп, ал оперативдүү түрдө жоюлат деп билдирди.

«Ар бир участокто, чет өлкөлөрдөгү участоктордо да, АСУ, УИП, смарт-батареялар, модемдер жана башка техникалык каражаттар боюнча жетиштүү жабдыктар каралган», — деди БШКнын төрагасы.

АСУнун иши боюнча айрым учурларды түшүндүрүп жатып, Т.Шайназаров шайлоочулар бюллетенди бүктөп койгону үчүн аппарат аны кабыл албай калганын мисал келтирди. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып шайлоочуларды бюллетенди бүктөбөөгө чакырды, анткени АСУ бюллетендеги маалыматтарды, талапкерлердин аты-жөнүн так жана туура окушу керек. Бюллетень бүктөлбөгөн болушу зарыл, урнага бюллетендин бетин каратып салынышы керек.

КР БШКнын төрагасы шайлоочуларды добуш берүү тартибин сактоого, АСУ шайлоо техникасын туура пайдаланып, өз тандоосун жасоого чакырды.

129