Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалган Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктын башчысы Шайырбек Бопонов эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарып, анда Бопоновду УКМКнын СИЗОсуна 24-февралга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.
Чүй облустук ЖКККБнын жетекчиси Шайырбек Бопонов 25-декабрда суракка чакыртылгандан кийин кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Андан кийин облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын дагы 3 кызматкери кармалган.