7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүй облусунда 28 үй-бүлө акысыз жаңы турак-жайлуу болду

391

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында, Москва районундагы Крупская айылында аз камсыз болгон жарандар үчүн курулган социалдык шаарчанын ачылыш аземине катышты.

Акылбек Жапаров жашоочуларды жаңы турак-жайлуу болушу менен куттуктап жатып Президент Садыр Жапаровдун “Биздин көздөгөнүбүз – колунда жок адамдарды жакырчылыктан чыгаруу” – деген сөзүн айтып өттү.
“Президентибиз Садыр Нургожоевич кечээ “Дордой” базарынын ишкерлери менен жолугуп, аларга бир эле сөздү жеткире айтты. “Максатыбыз – кедейликтен чыга албай жаткан жөнөкөй соодагерлерди тез арада бутуна тургузуп, жок дегенде орто байлардын деңгээлине жеткирүү. Албетте баары эле соодагер болуп кетпейт. Президент элибизге ар тараптуу жардам берүүнүн үстүндө жанын сабап иштеп жатат. Тагдыр оор мезгилге туш кылса да, кыргыз жакшылыктан үмүт үзбөйт.
Сиздердин маңдайыңыздарга үйлүү болуу бактысы буйруптур. Жаңы конушуңуздар кут болсун”, — деди Акылбек Жапаров.

МинКаб Төрагасы ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо максатында аларга мамлекет тарабынан кайтарымсыз 100 миң сомдон берилип жатканын, анын арты менен ийгилик жараткандарына дагы бир жолудан кайтарымсыз 200 миң сомдон берүү пландалып жатканын билдирди.

“Пенсия, жөлөк пул, айлыктарды колубуздан келсе, жыл сайын көтөрөбүз. Элде болсо, анан бизде болот. Биз эч кимди артка калтырбайбыз”, — деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, социалдык шаарчанын курулушу “ИТАР” (ETHAR) коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан ишке ашырылды. Жалпысынан 28 үй-бүлөгө үйлөрдүн ачкычтары тапшырылды. Өз убагында жергиликтүү бийлик тарабынан 1 гектардан ашуун жер бөлүнүп берилген. Жакын арада тигүү цехи жана ФАП салынат.

 

392