7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө 3 эм төрөгөн энеден кабар алышты

722

3-августта президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынын тургуну 3 эмдин апасы Эркин кызы Насипкандан кабар алганы барды. Бул тууралуу Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Июнь айында 33 жаштагы Насипкан үч эм төрөгөн. Алардын ысымдары Муслим, Мухлиса жана Мухаммед. Гүлмира Кыштобаева бөбөктөрдүн 40 күндүк мааракесин майрамдоого барып, аларга белектерди тапшырды.

«Биздин аймактагы мындай сонун окуяга чын жүрөктөн кубанычтабыз жана сиздерди куттуктайбыз. Үч эмдин энеси болуу чоң бакыт жана жоопкерчилик», — деди ал.

Насипканга, үй-бүлөсүнө мамлекеттик кепилдиктер, атап айтканда, жөлөкпулдар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жаңы төрөлгөн ымыркайларды кароого жардам берип жаткан үч эмдин чоң энеси жана апасы келгендерге ыраазычылыгын билдиришти.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

723