Ош шаарында “Osh City” акылдуу шаарын куруу пландалууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, план боюнча ал 500дөн ашык көп кабаттуу үйдөн турган, 250 миң киши жашаган калаа болот. Акылдуу шаардын аймагында мектеп, бала бакча, сейил бак, оорукана жана башка объекттер салынат. Шаарды курууга 2 млрд доллар инвестиция тартуу каралган