7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө Айсулуу, Алтынай аттуу бир туугандар изделүүдө

918

Чүйдө бир тууган кыздар изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-сенятбрь күнү милицияга 1986-жылы туулган жаран кайрылып, 2007-жылы туулган Алтынай жана 2013-жылы туулган Айсулуу аттуу кыздары дайынсыз болуп жатканын кабарлаган.

Алар 31-августта Кеминдеги Кароол-Дөбө айылындагы үйүнөн чыгып кетишкен бойдон кайтып келген эмес.

Алтынайдын бою 155-160 см, орто дене түзүлүштө, чачы узун. Кара футболка, жынсы костюм, кара шым, кара спорттук бут кийим кийип кеткен.

Ал эми Айсулуунун бою 125-130 см, орто дене түзүлүштө, чачы узун жана кара. Ак рубашка, жынсы костюм, кызгылт шым, кара спорттук бут кийим кийип кеткен.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

919