7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө өгөй атасы 11 жаштагы кызды зордуктоого шектелүүдө

662

Чүйдө 11 жаштагы кызды зордуктоого өгөй атасы шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБ маалымдады.

Маалыматка караганда, 18-августта Токмок ШИИБге социалдык коргоо адиси кайрылган. Ал арызында жашы жете элек кыз 1985-жылы туулган өгөй атасы менен жашаарын, ал кыздын алсыздыгынан пайдаланып февралдан бери зордуктап жүргөнүн билдирген.
Аталган факты Токмок ШИИБне катталып, зордуктоо беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 38 жаштагы жаран кармалган. Ал соттун чечими менен камакка алынган. 10-октябрда иш сотко өткөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө, кыздын 1990-жылы туулган апасы 2022-жылы рактан каза болгону аныкталган. Ал эми кыздын атасы 2023-жылы өлтүрүлгөн. Буга байланыштуу кыз өгөй атасы менен жашап жүргөн.

663