Чүйдүн Москва районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-октябрда Москва районунун Ак-Суу айылындагы ипподромдо болжол менен 45-50 жаштардагы, европа түспөлүндөгү эркек адамдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн сөөгү табылган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү жарандын өздүгү такталып ал 1986-жылы туулган К.К. аттуу жаран болгон.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.