7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө «рак оорусунан айыктырам» деп жаранды алдаган шектүү кармалды

781

Аламүдүн районунда рак оорусунан айыктырууну убадалап акча алган чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББден билдиришти.

24-апрель күнү милицияга арыз менен 1989-жылы туулган жаран кайрылган. Анда, өзүн «Сиддик» деп тааныштырган адам, рак оорусу менен ооруган баласын «медициналык жол менен айыктырып берем» деп ишеничине алдоо жолу менен кирип, 5500 АКШ доллар акчасын алып, убадасын аткарбастан дары-дармекке дагы акча талап кылган жаранга чара көрүүнү суранган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон. Текшерүү учурунда 1982-жылы туулган жаран экендиги аныкталып, ал тиешелүү медициналык билими жана уруксааты жок, жарандарды мөөнөтү өтүп кеткен дарылар менен мыйзамсыз дарылоону жүргүзүп жаткандыгы белгилүү болгон.

Иликтөөнүн натыйжасында, аталган шектүүнүн жүргөн жери аныкталып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

782